Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн деп шек саналган милиционер эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
27-августтун кечинде болгон окуяга шек саналган милиция кызматкери 28-августта кармалган.
Бул факт Жазык кодексинин 321-беренеси (1-б.»кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
29-августта окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын (ШККБ) рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.
Алар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат.