Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган жарандарга өкүм чыгарды.
Кылмышка 5 киши айыпталган. Алар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Айыпталуучулар пандемияга байланыштуу сотко жеткирилген жок. Ошондуктан сот процесси онлайн режимде өттү.
Сот бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты. Соттун өкүмүнө ылайык:
Ошондой эле сот айыпталуучуларды Айзаданын үй-бүлөсүнө 100 миң сом материалдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди.