• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сот Али Шабданды камакта калтырды

17 Чын куран 202314:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Али Шабдандын баш коргоо чарасы карап, аны 20-июнга чейин камакта калтырды.

«Тергөөчүлөр эмне кыларын билбей жатышат. Биз баары бир сынбайбыз», — деди ал.

Өткөн жылдын октябрь айында башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттер жапырт камалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Учурда алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Онго жакыны ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 148