Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.
Башкы прокуратуранын алдындагы бүгүнкү акцияны жабыркаган тараптын адвокаттары, укук коргоочулар уюштуруп жатышат. Алар Башкы прокуратурадан зордуктоого кабылды деген Калия Арабекованын укуктарын коргоону талап кылышмакчы.
Бул иш боюнча жабырлануучунун арызы 15-июлда Жогорку сотто каралып, чечим чыгышы күтүлүп жатат. Активисттер жана укук коргоочулар ошол күнү да акыйкат өкүмдү талап кылып, Жогорку соттун алдына чыгууну максат кылып жатышат.
Калия Арабекова аны «алимент алып келдик» деген шылтоо менен чакырган Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары 2013-жылы 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча («Топтошуп зордуктоо») жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен камакка алынган эмес. Шектүү тарап өздөрүнө «жалаа жабылып жатканын» билдиришкен.
Арабекова алар тиешелүү жазасын алышын талап кылып келет.