• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сот айым президенттен кагуу жеди (видео)

17 Бугу 2018 18:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.05. 2018. Govori.TV

Бүгүн, 17-майда президент Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында  Сот реформасы боюнча жумушчу топтун өкүлү Гүлжан Эсеналиеванын баяндамасы узакка созулуп кеткенине нааразы болуп, айтылып жаткан программаны ишке ашырууга эмне керек экендигин гана айтуусун сурады.

Ал эми мында баяндамачы Гүлжан Эсеналиева «бул үчүн эрк жана каражат керек» деп жооп берди.

Бирок, президент баяндамачы Эсеналиеванын жообунан кийин дагы эмне зарыл экенин тактап сурады.

Мында президент  баяндамачыдан жооп ала албаган соң,  «Эрк да бар, каражатты да табабыз, анан кандай реформа жүргөнүн көрөбүз»-деди.

Количество просмотров: 23