• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот азыр Жапаровдун ишин кайрадан карап жатат

6 Тогуздун айы 2020 20:13 Бишкек Govori.TV

10 жылга эркинен ажыратылган экс-депутат Садыр Жапаровдун иши Шаардык сотто каралып жатат. Бул тууралуу Govori.TVга соттогу өздүк булактар билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун иши азыр, тагыраагы 6-октябрда кечинде сотто жаңы ачылган жагдайлар менен каралып жатат, аны актоо аракети жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

Ал эми 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун акциясында башаламандык орун алып, митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Андан соң алар камактагы Садыр Жапаров баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан.

Абактан чыгарылган Жапаров аянтка келип, эл менен жолугуп, ЖК депутаттарын тез арада чогулуусун жана убактылуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу адамды шайлоосун талап кылып, мыйзам талаасында чечүү керектигин айтты.

Ал эми айрымдар Жапаровдун өзүн премьер-министр болуусу керектигин билдиришкен. Учурда депутаттар «Достук» мейманканасына кезексиз жыйынга чогулушуп, Жапаровду убактылуу өкмөт башчылык кызматка талапкерлигин карап жатканы айтылган.

Количество просмотров: 360