• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот «Бүтүн Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

9 Аяк оона 2020 19:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот «Бүтүн Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды.

Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Сот партиянын доо арызын канааттандырып, БШКнын буга чейинки чеимин жокко чыгарды. Бүгүнкү отурумга БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова жана Тагай Абдысатаров күбө катары катышып, сурак берди.

Аталган партиянын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушуп, «жеңишке жеттик» деп жаалап кыйкырышууда. Бул арада Адахан Мадумаров бир нече сааттан бери чеим күтүп турган тарапташтарына ыраазычылык билдирди.

 «Эл деген бийликтин бутагы. Ал эми силер ушул жерде бир нече сааттан бери турасыңар. Силерге рахмат. Башка партиялар эл-жерди кыдырып жүрөт. Биз тушалган аттай болуп бир жумадан бери турдук. Эртеңден баштап шайлоо процессине катышып баштайбыз»,- деди Мадумаров.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрылган.

Количество просмотров: 1154