• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот блогер Жолболдуеваны журналисттин өлүмүнө байланышкан иште актады

23 Бугу 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматта айтылгандай, 22-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева Кылмыш кодексинин 190-беренеси «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Баткен облусунда иштеген 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган.

Количество просмотров: 46