• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Сот департаменти мас абалда унаа башкарып кармалган кызматкер боюнча комментарий берди

20 ноября 2023 в 14:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалган сот тутумунун кызматкери тууралуу социалдык тармактарда тараган видео-материал боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, талган окуя боюнча Сот департаменти тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

«Сот департаментинин этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусуна карата Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Ал эми мас абалында унаа айдоо фактысы боюнча мыйзам чегинде сот тарабынан аталган сот аткаруучуга карата тиешелүү чаралар көрүлмөкчү»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Бишкекте мас абалында унаа айдаган сот аткаруучу кармалган.

Количество просмотров: 97