• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот департаментине жаңы жетекчи дайындалды

28 Бугу 2020 12:34 Бишкек Govori.TV

Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында маалымдалат.

Кожомбердиев буга чейин ал Каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

42 жаштагы Урмат Кожомбердиев Мамлекеттик каттоо кызматына жумушка орношконго чейин 2002-2012-жылдар аралыгында Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

Ал эми буга чейин департаментти башкарып келген Кубанычбек Капалов Жогорку соттун алдындагы Соттук иштерди аткаруу кызматынын начальниги, башкы сот аткаруучусу болуп дайындалганы маалым болду.

Количество просмотров: 59