• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир жумада 228 мас айдоочу аныкталды

16 Тогуздун айы 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып 15 октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 763 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 189;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 228;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 15;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 694;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2252;
— авто ээнбаштык – 2;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 692;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 950;

өшондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 741 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 69