26-сентябрда борбордогу Чыгыш-5 кичирайонунда мас абалда бычак менен жүргөн адам кармалган. Бул тууралуу Свердлов райондук РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге жерге милиция кызматкерлери келгенде, мас адам колундагы бычак менен дүкөндөрдү кыдырып, сатуучуларды коркутуп жүргөн. Милиция кызматкерлери 1999-жылы туулган М.Д. аттуу жаранды кармап, ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына алып келишкен.
Участкалык милиция кызматкери кармалган жаран өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн, милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына сөз тийгизгенин билдирди.
Учурда тиешелүү текшерүү жүрүп, тийиштүү берене боюнча иш козголду.