• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сот экс-муфтий Максатбек Токтомушевди тил кат менен бошотту

12 Бирдин айы 2021 3:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтыруу боюнча чечимин чыгарды.

Сот залынан бошотулган мурдагы муфтий журналисттерге көп деле комментарий берген жок.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген. Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган. Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырды.

Количество просмотров: 182