• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот Илгиз Шаменовду камакта калтырды

17 Жетинин айы 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Шаменовкамакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны канааттандырган жок.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен.

Количество просмотров: 144