Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттон кабарлашты.
«Абудаллаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча прокуратура тарабынан сунуш киргизилди, аны сот колдоду», деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган.