Сот иштери бар жана камактагы кесиптештерибиздин соттору тууралуу маалымат. 18-июль жана 25-июлда саат 9:30 да 11 журналисттин соту Ленин райондук сотунда болот. 23-июль, саат 16:00дө Кактус Медиасынын жетекчиси Дина Маслованын соту Октябрь сотунда болот. 24-июль, 17:00дө Бабановдун Эламан Карымшаковго карата доо арызы Октябрь райондук сотунда каралат. Кесиптештерибизге келген сыноолор тезирээк бүтүп, сот деген жүрөк өйкөөдөн кутулуп, камактагылары эркиндикке чыгып калышсын.