• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы камакка алынган журналисттердин маселесин көтөрө турганын айтты

5 Жетинин айы 202417:51 Бишкек Govori.TV

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев камакка алынган журналисттерди бошотуу маселесин көтөрө турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жана басма сөз күнүнө карата ЖМК кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

Иш-чарада журналист Бакыт Орунбеков соттолгон кесиптештерин бошотуу керек экенин билдирген. Ал бийликтен ырайымдуулук көрсөтүп, мыйзам ченемдерин эске алууну суранды.

“Жаңылып-жазып ушундай учурга дуушар болгон кесиптештер боюнча маселени сөзсүз карайбыз. Бирок бул кийинкилерге сабак болуп, жоопкерчилик эмне экенин билишибиз керек. Бирөөгө акаарат келтирүү, айрыкча мамлекеттин атына шек келтирүү туура эмес экенин сезиш керек. Мен муну айтам. Бул маселени карайбыз. Мыйзамдын чегинде, балким, жеңил-желпи иш-чара менен бул маселени чечебиз”, — деди Нурланбек Шакиев.

Количество просмотров: 166