• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Сот Каныбек Осмоналиевди актады

18 Бирдин айы 201913:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

«18-февралда карады, буга чейинки инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырып, толугу менен актады. Мага козголгон иштин курамында кылмыш иши жок деп тапты»,-деди Каныбек Осмоналиев.

Маалыматка ылайык, бул ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук соту да былтыр октябрда Каныбек Осмоналиевди актаган чечим чыгарган. Айыптоочу тарап соттун чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияларга кайрылган. 6-декабрда Бишкек шаардык соту да Осмоналиевдин пайдасына чечим чыгарган.

Каныбек Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер окуу жайынын жетекчилигине Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген

Количество просмотров: 13