• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

5 Бирдин айы 2024 11:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Өкүмдүн алдында жактоочу Улан Сейитбеков төмөндөгүлөргө токтолду.

«16-январь күнү Тажибек кызын кармоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Тинтүү учурунда жактоочуну киргизбей, мен 4 саат тургам. Тинтүүнүн протоколун бүгүнкү күнгө чейин ала элекпиз. Кармалышын мыйзамсыз деп табууну өтүнөм», — деди жактоочу.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 570