• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Матраимовдун арызын карап баштады

10 Бугу 2018 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.05.18 Govori.tv

Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райыбек Матраимовдун өкмөттүн үстүнөн жазган арызын карап баштады. Ал Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда кызматтан мыйзамсыз алганын айтып арыз жазган.

Матраимовдун ишмердүүлүгү саясий органдар жүргүзгөн саясатка туура келбейт деп Сапар Исаков кызматынан бошоткон. Бул тууралуу анын ишенимдүү адамы Татьяна Карыжинская билдирди.

«Менин жактоомдогу адам саясий кызматты ээлеген эмес. Ошондуктан кайсы ишмердүүлүгү өкмөт жүргүзгөн саясатка туура келбей калышы мүмкүн. Райымбек Матраимов админстративдик кызматты ээлеп турган. Эч кандай саясий чечим кабыл алган эмес. Демек аны кызматтан бошотуу мыйзамсыз болгон,-дейт Татьяна Карыжинская.

 

Количество просмотров: 18