• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Матраимовдун бир туугандарын камакка алды

27 Жалган куран 2024 20:58 Бишкек Govori.TV

27-мартта Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун дагы бир иниси Исламбек Матраимовду 18-майга чейин камоо тууралуу чечим чыгарды. Жакындары жана адвокаты комментарий берген жок.

Ушул эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимов бир айга, иниси Руслан Матраимов 18-майга чейин камакка алынган.

Ош облустук соту билдиргендей, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.

Ал эми Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 89