• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот Матраимовго өкүмү чыгарды

11 Бирдин айы 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду күнөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

«Баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, Бишкек, Ош шаарларындагы батирлер, «Карвен 4 сезона» коттеджи, Лексус унаасына коюлган камак алынсын. Матраимовго жана анын туугандарына катталган банктык эсептер, банк ячейкаларындагы камак алынсын», — деди судья.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк

Количество просмотров: 139