• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды

3 Жетинин айы 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, сот аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

«Күтүлгөн эле чечим болчу. Конституциялык укуктарым бузулуп жатат. Бул саясий басым», — деди Жээнбеков.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы абактагы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттаган. Буга байланыштуу жактоочу Замир Жоошев анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жөнөткөн. 1-ноябрга белгиленген отурум судья ооруп калгандыктан 3-ноябрга жылган.

БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин маалымдашкан.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Кийин саясатчы үй камагынын талаптарын бузганы жүйө келтирилип, кайра камоо чечими чыккан.

Количество просмотров: 166