• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Сот «Супер-Инфонун» жактоочуларынын арызын канааттандырды

19 Жалган куран 201916:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV.

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Биринчи Май райондук сотунда «Супер-Инфо» гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өттү. Арызда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын «Супер-Инфо» гезитине карата чыгарылган токтомун жокко чыгаруу жазылган. Гезиттин жактоочусунун айтымында, Финпол гезитке Салык кызматынын текшерүүсүн дайындай албайт. Сот жактоочулардын арызын канааттандырды.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 17