• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сот Талант Мамытовго карата БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты

28 Тогуздун айы 2021 18:24 Бишкек Govori.TV

28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу партиядан кабарлашты.

Мамытов «Ынтымак» партиясынан 7-номерде талапкер болуп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, БШКнын 24-октябрдагы жыйынында жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленип, БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берген. Талант Мамытов чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган.

Количество просмотров: 659