• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев үй камагында калтырылды

28 Тогуздун айы 201919:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантып, алардын үй камагындагы мөөнөтүн 29-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, соттук отурумда үч күбө — Сайдулла Нышанов, Асия Сасыкбаева жана Данияр Нарымбаев көрсөтмө беришкен.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Количество просмотров: 342