• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Сот өз кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган аялды 12 жылга эркинен ажыратты

13 Аяк оона 20189:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
Ош шаардык соту өз кызын өлтүрүүгө аракет кылган 26 жаштагы аялды 12 жылга эркинен ажыратты.
Эске салсак, кылмышкер жеке бала бакчада жашап жүргөн. Ал кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган.
Соттук отурумдун жүрүшүндө аял күнөөнү мойнуна алды. Анын айтымында, күйөөсү менен ажырашкандан кийин ата-энеси кызын кабыл алышкан эмес. Бара турган жери жок чүнчүп кеткен. Ал кызын сабап, акыркы жолу жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүнү, андан кийин өз өмүрүнө кол салууну пландаган.
Наристени бала бакчанын күзөтчүлөрү сактап калышкан.
Количество просмотров: 13