Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Жашылдар партиясы 30-апрелде уранды казууга каршы митинг өткөрүүнү пландап жатышкан. Келтирилген тартипке ылайык кабарлоо берилген. Бирок, райондук администрация сотко кайрылган. Бул тууралуу саясий уюмдун төрагасы Эркин Бүлөкбаев билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 30-апрелде «Ала-Тоо» аянтында иш-чара өтөт деп боло турган митингге чектөө койду.
«Биз мэрия дайындаган майрамдык иш-чараларынын планын карап чыктык. Бул күнгө эч жерде белгиленген эмес. Бизге Горький атындагы аянтчада өткөрүүнү сунушташты. Бирок, биз Ак үйдүн астына чыгууну чечтик»,-дейт Эркин Бүлөкбаев.
Ал райондук сот чечимди 26-апрелде чыгарганын, ошол эле күнү уюштуруучулар кайра карап чыгууга кайрылышкан, бирок, шаардык сот кайрылууну карап чыга электигин белгиледи.