• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот журналисттер Асыпбеков менен Капаровду камакта калтырды

6 Бирдин айы 2024 17:36 Бишкек Govori.TV

“ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаров камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды, ага ылайык алар 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 81