• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дүйшөнбек Зилалиев курсант кызга тийишкени сотто айтылды

25 Бугу 2018 12:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек 25.05.18 Govori.tv

Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев дин  үстүнөн козголгон кылмыш ишин карап жатат.

Бүгүн күбө катары Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери  Руслан Кармышев суралды.

«Мен 24-ноябрда атайын ротанын командири  болчумун. Баардык шектүү унааларды текшерүү боюнча буйрукту мен бергем. Саат тогуздар чамасында Манас проспектисин текшерип бара жатсам УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери ИИМ академиясынын курсант кызынын айтканын угуп койчу деди. Андан сурасам бир унаа токтоп, » чоң кыз азыр саат ондон кийин бомба жарылат» деп айтып кеткенин айтты дейт»,— Руслан Кармышев.

Ал эми дагы бир күбө ошол кездеги Дүйшөнбек Зилалиевдин жардамчысы болсо курсант кызга Зилалиев «Формаң жакшы жарашат экен, бир аз оңдоп алчы» деп айткан деп сотто жооп берди.

Эскерте кетсек Дүйшөнбек Зилалиев Президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү «бомба» тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр күнөөсүн моюнга албай, мен бомба эмес кыздын формасы тууралуу айткам деп келет.

 

Количество просмотров: 15