• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сотко алынып келинген Токтакунов кармоочу жайда шарттар жок экенин айтты

28 Жалган куран 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык сотунда адвокат Нурбек Токтакуновдун иши каралат. Ал соттук отурумга жеткирилди.

Белгилей кетсек Токтокунов учурда Бишкектеги Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө кармалып жатат. Сотко алынып келинген Токтакунов кармоочу жайдагы шарттар тууралуу айтып берди.

«Мен 3 күн жаттым, ал жакта эч кандай шарт жок экен. Эң эле жөнөкөй өз буюмдарымды кое турганга да жер жок. Санитардык жактан да жооп бербейт. Биз эркиндиктен гана ажыратылганбыз да, кармоонун жакшыраак шарттары болуусу керек. Мен бул боюнча Биринчи май РИИБдин жетекчилигине кайрылуу кат жолдодум. Бул жагдай жакын арада чечилүүсү керек», — деди Токтакунов.

Жана ошондой эле жактоочу бүгүн шаардык сот аны камактан чыгаруу чечимин кабыл алат деген үмүтү чоң экенин кошумчалады.

Эске салсак, юрист Токтакунов милиция тарабынан кармалып, Биринчи май РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн майда бейбаштык беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоо чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 133