Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев сотко мажбурланып алынып келингенин буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлаган. Жана ал бүгүнкү отурумга мурунку президент катыша турганын кошумчалаган.
Ал эми соттук отурум 14:00гө белгиленген. Бирок, Алмаз Атамбаев унаадан түшпөй, соттук отурумга катышуудан баш тартты. Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында аны күч менен алып келишкен.
«Алмазбек Атамбаев унаадан түшпөй жатканынын себеби, биринчиден анын ден соолугу начар, экинчиден ал талапка жооп бере тургандай кийинген эмес. Себеби, аны абак кызматкерлери футболкачан алып чыгышкан», — деди Жоошев.
Ал арада соттун имаратынын алдына тез жадам унаасы келди.
Натыйжада, соттук отурумга катышуудан баш тарткан Атамбаевди кайра алып кетишти.
Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар баш болгон ондон ашык адам айыпталып жаткан иш боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.
Сот залына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди.