Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кезексиз жыйыны тууралуу «24.kg»кабарлап, депутат Азамат Арапбаев тастыктады. Күн тартибиндеги маселелер азырынча белгисиз. Депутаттар жыйында 31-мартка белгиленген съездин уюуштуруу маселелерин талкуулоосу мүмкүн.
КСДП партиясы бул съезде төрага кылып Алмазбек Атамбаевди шайлайт деген сөздөр айтылууда. Айрым депутаттарды фракция мүчөлүгүнөн чыгаруу маселеси дагы каралышы мүмкүн.
Алмазбек Атамбаев бул съезде программалык кайрылуу кылуусу күтүлүүдө. Себеби ал Президенттик мөөнөтү аяктап бара жатканда саясаттан кетпей тургандыгын, кийкинки парламенттик шайлоодо КСДП партиясын жетектеп келээрин айткан.
Бишкекте “Кыргызстан” саясий партиясынын съезди өтөт
“Кыргызстан” саясий партиясынын съезди 19-августка белгиленди. Белгиленгендей, съезд учурунда “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер …