• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Социал — демократтар» партиясы мыйзамды сактоону талап кылат

15 Жетинин айы 202413:36 Бишкек Govori.TV

«Социал — демократтар» саясий партиясы шайлоого катышуудан четтетилгендигине байланыштуу тийиштүү 3 күндүк убакытта, тагыраагы 17-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына даттана тургандыгын расмий билдирди. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Партия Боршайком мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алмайынча, «Социал — демократтар» партиясы шайлоо бюллетенинин сабында калышы керек деп эсептейт. Ошондой эле БШК мыйзамдуу чечим кабыл алгыча партияны бюллетенден чыгаруу боюнча Боршайкомдун мыйзамдык жүйөсү жок деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары партия мыйзамдуу тергөө жана соттук чечим жок партияны шайлоодон четтетүү күнөөсүздүк презумпциясын, демократиялык принциптерди жана адам укуктарын одоно бузуу болорун эске салат.

Эске салсак, 13-ноябрда «Социал — демократтар» партиясынын айрым мүчөлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, алардын экөө камакка алынган. Укук коргоо органдары партия добуш сатып алууга аракет кылган деп айыптап чыгышты. Ал эми партия лидери Темирлан Султанбеков 14-ноябрдын таңынан бери шаардык тергөө абагында кармалууда. Ал ачкачылык да жарыялаган.

Количество просмотров: 212