• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соцтармак казинону колдогон депутаттарды “жиликтеп” жатат

24 Кулжа 2022 15:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Деген менен мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ача пикир жаратып, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартышкан.

Бирок, бир нече жолу добуш берилген соң төрага Талант Мамытов көчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Ага 58 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берсе, ар эми добуш бербеген депутаттардын компьютерлери жабылган.

Депутаттардын кимиси кандай добуш бергени тууралуу маалыматтар тарап ал коомчулукта талкуу жаратты. Соцтармактын колдонуучулар «макул» добушун берген, жыйынга катышпаган жана «каршы» добуш бергендер тууралуу өз пикирлерин айтышууда.

Белгилей кетсек, казино мыйзамы коомчулукта бир катар каршы пикирлерди жаратып келген. 23-июнда да жарандык активисттер парламент алдына кумарканалар мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыкты.

Белгилей кетсек, казинону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика министрлиги. Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Количество просмотров: 2069