Социалдык тармактарда адвокат Тимур Арыковдун катышуусунда видео тарады. Кадрларда адвокат тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө кантип кирип келип, андан кийин аны чапканы көрсөтүлөт. Аны аял кармап турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, адвокат Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилгенде, милиция Тимур Арыковдун ата-энесин чакырган.
Эскерте кетсек, 12-майда ал киши кафелердин биринде эсепти төлөгөн эмес. Патрулдук милиция адвокатты борбордун Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына алып барганда, Тимур Арыков тергөөчүнүн жаагына уруп, погондорун жулуп алган. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.