• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сотто адвокат Самат Матцаковдун жактоочуларынын арызы каралып жатат

17 Бештин айы 202413:05 Бишкек Govori.TV

17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун жактоочуларынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттануусу боюнча арызы карала баштады. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.

Эске салсак, УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун жактоочусу Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган. Ал “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен айыпталып жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 147