• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы маалымдалды

9 Кулжа 202514:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен «Sputnik.kg» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 7-июнь күнү болгон. 19 жаштагы жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып өзүн-өзү атканы кабарланды.

Каза болгон жоокер Молдовановка айылындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп келген.

Окуянын чоо-жайы такталууда. Иш Аскердик прокуратуранын көзөмөлүндө экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 275