• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соттолгон Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңеште эмне кылып жүрөт?

5 Жетинин айы 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сот тарабынан күнөөлү деп табылып, айып салынган. Бул тууралуу Жогорку соттон Govori.TVга билдиришти.

«Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Р.З.К.ны КРдин Кылмыш кодексинин 319- беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмышка күнөөлү деп таап, 260 миң сомдук айып салган», — деп билдиришти соттон.

Кошумчалангай, Рысалиевдин соттолгону жокко чыгарылган.

«Рысалиевдин айып төлөгөндүгүнөн улам анын соттолгондугу жокко чыккан. Соттун өкүмүнө каршы арыз түшкөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын 65-беренесине ылайык, ЖК депутатына карата соттун чечими чыгып, күчүнө киргенден тарта ал өзүнүн мандатын тапшыруусу керек.

Ал эми юристердин айтымында, жаңы Кылмыш жаза кодексине ылайык, соттун өкүмү менен салынган айып пул төлөнгөн учурда адамдын соттолгону автоматтык түрдө жокко чыгарылбайт.

Ал эми ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевден бул тууралуу маалымат алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Айта кетсек, 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз, коррупциялык жол менен бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар аткаминерлер суракка алынган. Алардын арасында ЖАМКтын ошол кездеги төрагасы, учурда ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев да бар.

2019-жылдын 7-июнда депутат Зарылбек Рысалиев ИИМде сурак берип жаткан учурда ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. Ошондон бери дарыланып жүрүп, 29-июлда үйүнө чыгып келген эле. Ал эми 2-августта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Зарылбек Рысалиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына алуу чечимин чыгарган.

«Батукаев иши» боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып жатат. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши бар.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Количество просмотров: 261