• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соттор кимдин барымтасында турат?

22 Үчтүн айы 2018 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2018.  Govori.Tv

Кыргызстанда 2010-жылдан кийин сот рефомасын ишке ашыруу үчүн бийлик жанын сабап аракет жасагандай түр көрсөтүп келет. Айрыкча, 2014-жылдан кийин тармакка болгон бюджеттик каржылоо дээрлик беш эсеген чейин өсүп, андан тышкары эл аралык донор уюмдары тарабынан 30 млн. доллар өлчөмүндө калың каражат сот сиситемасын реформалоого жумшалган. Бирок, каржылоого жараша жыйынтык ала алдыкпы? Сот реформасыны каржы маселесине эле көз каранды болуп келген болсо, анда, бүгүн абал кыйла өзгөрүшү керек беле?

Артык кылабыз деп тыртык кылдыкпы?

Кыргыз бийлиги сот реформасына келгенде абал 2010-жылга чейинки мезгилге караганда асман менен жердей айырма бар деп эсептейт. Буга мисал катары алар Жогорку Кеңеш аркылуу 7  Кодекске өзгөртүүлөр киргенин, “Соттордун статусу жөнүндө” КРнын мыйзамы олуттуу береленер менен толукталганын, соттордун айлык маяналары орточо 30 миң сомдон ашырылып, алар үчүн турак-жай маселесин чечүү жанданганын  санашат. Ошону менен бирге жалпы 397 соттун ичинен 263чү бул системага жаңы келген кадрлар экенин өзгөчө белгиленип, кадрдык, каржылык жана мыйзамдык алкакта тең реформа болуп көрбөгөндөй темпте жүрүп бара жатканы айтылат.

Бирок, түстүү көз айнеги жок караган көзгө Кыргызстандагы сот реформасынын мындай таң каларлык өзгөргөнү эч байкалбайт. Абал мурдагыдай эле. Бүгүн элге “Соттор тазаланды, акыйкат чечимдер чыгып жатат” десеңиз, башын чайкап, каткыраары шексиз.  Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин учурундагыдай эле соттор бийликке, асыресе Президентке көз каранды болуп, саясий чечимдерге келгенде көз карандылык, мыйзамдуулук, моралдык жоопкерчилик деген түшүнүктөргө таянган өкүмдөрдү чыгара элек. Оппозиционер менен бийлик тарап соттошсо, албетте, иш бийликтин пайдасына чечилет. Карапайым адам менен колунда бар адам соттошсо, байдын капчыгына жараша каалагандай чечим чыгат. Кудум эле, соттордун чечими аукционго коюлгандай.

Референдум реформаны жеп тынды…

Эксперттер 2016-жылдын аягында өткөн референдум же учурдагы жаңы ишке кирген Башмыйзам сот тармагын реформалоого жол ачпай эле, тармакты талкалай турган мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгилешет. Мисалы, азыр соттордун ээн-эркин, эч кимге көз карандысын чечимдерди чыгарышына бөгөт койо турган «коркунучтар» жетишээрлик.

Биринчиден, бүгүн соттордун ишин тескей турганы орган катары Тартип комиссиясы ишке киргизилген. Мурда болсо сотторду конституциялык палата тескеп, соттордун ишмердигине баа берсе, кийин бул функцияны Соттордун кеңеши карап келген. Ал эми жаңы Башмыйзамга ылайык, учурда Президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган комиссия тигил же бул соттун чечимдерине макул болбогон арыздарды карап, жыйынтык чыгарат. Албетте, Жогорку Кеңеште дайыма бийликчил фракциялар же Президенттин  партиясы басымдуу болуп турганда, аталган комиссиянын сотторду Акүйдүн айткан-дегенине жараша тескери турган иш.

Экинчиден, азыркы Башмыйзамга ылайык, райондук сотторду Жогорку Кеңештин катышуусуз эле Президент өзү дайындап, өзү кызматтан ала алат. Демек, аймактардагы соттор акыйкаттыктан, моралдык жоопкерчиликтен, мыйзамдын үстөмдүгүнөн мурун Акүйдөгү “аксакалдан” кооптонуп же ошол кишиге ыктап иш алып барат.

Үчүнчүдөн, бүгүн соот тармагындагыларга ротация деген түшүнүк киргизилди. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгына шек келтирет. Анткени, бүгүн борбордогу кайсы  сот жогору оппозициялык саясатчынын үстүнөн козголгон кылмыш ишинде аны актап жибере турган болсо, аны жогору жактагылар тээ Ноокатка же Акталаага ротация кылып, болбосо Тартип комиссиясынын талкуусу менен “такалап” койот. Ошондон улам, соттор эки жагын элеңдеп карап, бүгүн коомчулуктун көңүлүн ирээнжиткен чечимдерди кабыл алып жатышат.

“Куурчак” болбоого мүмкүнчүлүк барбы?

Сот системасындагы коррупцияны жоюу үчүн биздин ашкере акыл эстүү парламент депутаттарыбыз “Соттордун статусу Жөнүндө” КРнын мыйзамына таң калаарлык өзгөртүү киргизишкен. А дегенде мыйзамчыларыбыз “сот болуп иштеген адамдардын жана алардын жакындарырын телефондору мамлекет тыңшоого алышы керек. Ошондо буларга пара сунуштап, ар кандай азгырыкка чакыргандар менен мамиле түзө албай, мыйзамды гана сактап калышат“ таризине мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул адам укуктарына шек келтирген, соттордун жеке инсандык беделин белге тепкен долбоорго албетте, бир да сот “мыңк” этип каяша айталган эмес. Антсе эле, “мына, шектүү шекинет болуп ататсың, бир мандемиң” бар деп бийлик баса калганы жатпайбы. Дагы жакшы, ал ортодо башпрокуратура соттордун жакындарын тыңшоого алууга каршы пикирин билдирип, ошону менен соттордун өздөрүнүн гана телефондору тыңшоого алынып, жазышкан каттары тиешелүү орган тарабынан окула турган болуп, мыйзам кабыл алынган. Демек, азыр Кыргызстандагы жалпы 400гө чукул соттун телефону тыңшалып, алар телефон аркылуу ким бирөө менен кайсы бир иш боюнча “соодалаша” албай, таптаза, татынакай иштеп жатат деп ишенишибиз керек. Ал эми коррупциялык аракеттер жалгыз гана телефонго көз каранды эместигин, соттор ары-бери басканда, турганда-жатканда деле ким бирөөлөр менен оозмо-ооз же кагаз-кат түрүндө пикир алмашпасын  баарыбыз эле билебиз да.

Бирок, бүгүн соттордун колунда өзүн коргой турган мыйзамдар жетиштүү.  Айталы, азыркы мыйзамдарга ылайык, соттор кайсы бир иш боюнча чечим кабыл алаарда аларга тоскоолук жараткан учурларды, ар тараптан болгон басым-кысымдарды ачык айтып, Тартип комиссиясына даттанууга учугу бар. Ал тургай, андай учурларды жашыр-жаап койгондугу үчүн дицспилнардык жаза алышы каралаган. Бирок, Кыргызстанда буга чейин бур дагы сот өзүнө болгон басым-кыцсым, коркутуулар тууралуу ачык билдирген факты боло элек. Анткени, алар мындай билдирүүлөрдөн кийин өзү корголооруна кепилдик ала албайт. Андай чалуулар, салам дубайлар так ошол жогору жактан келип жатса, аларга тийишип “өлө албай жүрүппү?” Баса, ушул сыяктуу эле сотторго укук берген мыйзам добоору 2 жыл мурун Украинада кабыл алынып, андан бери 250 сот өздөрүнүн ишине мамлекеттик органдар кийлигишип жатканын билдиришкен.

Демек, бүгүнкү күндө сот тармагы  мурдагыдай эле бийликтин барымтасына кармалып турганы турган. Ошондон улам оппозициялык көзкараштагы саясатчылар менен укук коргоочулардын, журналисттердин үстүнөн козголгон кылмыш иштери жалаң эле бийликтин пайдасына чечилип келе жатат. Ал турсун бүгүн сот тармагы менен прокуратура бирин-бири алмаштырып алган же танде болуп иштеген учурлары көп катталууда. Соттор прокурорлор менен тергөөчүлөрдү, криминалдык төбөлдөрдү дайыма актаганын токтотпой келет.

Ал эми Президенттин укук бөлүмүмн кызматкерлери болсо эртели-кеч соттордун имаратын айланып, ал тургай Конституциялык палатада дайыма Президенттин өкүлчүлүгүнүн болушу эле сот системасынын Президенттен көз каранды экендигин далилдеп турбайбы?!

 

 

Количество просмотров: 29