• Шаршемби 7 Бештин айы 2022
  • Среда 7 Декабрь 2022

Соттун алдына Бейшеналиевдин тарапташтары чогулду

30 сентября 2022 в 19:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат.

Учурда сот имаратынын алдына министрдин тарапташтары чогулду.

Кошумчалай кетсек, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Количество просмотров: 207