• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Созаева: Лидерлик жөндөмдү өнүктүргүм келет

9 Тогуздун айы 2021 10:06 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Эльмира Созаева.

Созаева бүгүнкү күндө «Баатыр эне».

«Ысык-Көл облусуна караштуу Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутатымын. 2020-жылдагы пандемия учурунда айылга күндүзгү стационар уюштуруп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен элге кычкылтек концентраторун алдырдык. Коомдук иштерге активдүү катышып, эл үчүн кызмат кылып жатабыз. Бул тренингден лидерлик сапатты жогорулатуу боюнча билим алгым келет»,-деди Созаева.

Количество просмотров: 96