• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өспүрүм кыздардын саламаттыгына ылайыкталган «Oky» деп аталган мобилдик тиркеме чыкты

27 Үчтүн айы 2023 17:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүм кыздардын саламаттыгына байланыштуу маалыматтарды камтыган «Oky» деп аталган мобилдик тиркеме ишке киргизилди.

Бул тууралуу «Марал» радиосуна «Айкын багыт» коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди.

«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен биргеликте өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» [оки]  мобилдик тиркемесин иштеп чыгышты. Тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.

«Oky» тиркемеси — бул тыюу салууларды, стигматизацияны жок кылууга, айыз цикли жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жардам берген жана кыздардын репродуктивдүү саламаттыгына байланыштуу сапаттуу маалыматтарды берет.

«Oky» функциясы Android жана App Store түзүлүштөрүндө тиркеме түрүндө жеткиликтүү жана ал циклдин жеке календарын, кыздардын улуу эжеси менен сүйлөй турган чат ботту, ошондой эле кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедияны камтыйт.

Количество просмотров: 192