• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чукул кырдаалдар үчүн «112-Кыргызстан» тиркемеси иштелип чыкты

22 Жалган куран 2019 11:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

 “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  «112 — Кыргызстан» деп аталган мобилдик тиркемени иштеп чыкты.  Бул чукул  чакырыктарга бирдиктүү линия болоорун  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Ага ылайык, аталган тиркеме аркылуу кайсы гана жаран болбосун чукул кырдаалар чыккан учурда кайрыла алышат.

«112 — Кыргызстан» тиркемесин колдонуучулар өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар болгон учурда фото, видео, аудио материалдарды тиркөө менен кабарлама жөнөтө алышат.

Ошол эле маалда колдонуучуга биринчи жардам көрсөтүү, чукул кырдаалдар эмне кылуу керектиги тууралуу кабарлама жөнөтүлөт.

Учурда тиркеме Android базасындагы гаджеттерде иштейт, ал эми iOS үчүн AppStoreдун администраторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин тиркеме ишке кирет.

Количество просмотров: 46