• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат

25 Аяк оона 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги (ИИМ) зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган. Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга «убактылуу коргонуу ордерин» жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 59