• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өспүрүм кызды өз атасы бир жыл зордуктап жүргөн

6 Үчтүн айы 2020 23:33 Бишкек Govori.TV

Араван районунда 15 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталган. Атасы кызын 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБ маалымат берди

Аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган.

Тергөө иштерин Араван РИИБдин жана Араван райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.

Араван райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, кылмыш иш 31-декабрь күнү Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган. Өспүрүм кыз чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашачу. Зордукталган кыздын апасы 4 жыл мурун каза болгон.

Количество просмотров: 977