Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
«27-январда кечинде Жал айылында белгисиз адамдар 17 жаштагы өспүрүмдү күчтөп унаага салып кетип, денесине залакат келтирип, 15 миң сомдук телефонун тартып алышкан. Окуя боюнча баланын атасы милицияга арыз жазган. Шектүү катары 28 жана 25 жаштагы эки жаран кармалып, эки айга камакка алынды», — деп жазылат билдирүүдө.
Тергөө уланууда.