• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ошто жаш кызды бир нече жолу зордуктап, уурдоого шектүү жаран кармалды

21 Бугу 2021 18:11 Бишкек Govori.TV

Ошто жашы жете элек кызды бир нече жолу зордуктап, уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен 2003-жылы туулган кызды Ош шаарына алып келип, машинасында кармап отурган 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармашкан.

Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүрүп, кызды 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Жабырлануучу кыз андан соӊ анын эркине каршы, “сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын” деп коркутуп, бир нече жолу зордуктап жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Ал убакта жабырлануучу кыз болгону 16 жашта болгон.

“18-май күнү шектүү 1992-жылы туулган Т.Д. Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз унаасына салып, түнү Ош шаарына келген. . Негизинен шектүү кызды кызганып, «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп жолдо аны коркутуп, урган. Телефонун талкалап салган. 19-май күнү эрте менен саат 09.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, унаада отурган жеринен кармашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда КР Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.

Количество просмотров: 896