• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адвокат Матцаковдун соту 16-январда уланат

14 Үчтүн айы 202518:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-январда Биринчи май райондук сотунда жактоочу Самат Матцаковдун иши боюнча соттук отурум өтүп, кийинки отуру 16-январда болмой болду.

Бүгүнкү соттук отурумда Матцаковдун жактоочулары процесске кылмыш ишин козгогон прокурордун келбегине нааразы болушту. Алардын айтымында, прокурордун соттук отурумга келбей койгону сотко карата сыйлабастык, жоопкерчиликсиздик болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү соттук отурумда журналисттерге видеого тартууга тыюу салынды.

Эске салсак, 30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узарткан болчу. Самат Матцаков анын бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумда мыйзам бузулганын айткан.

УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 153