• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Спикерди бул маселеде колдой албайм». Ташиев Шакиевдин билдирүүсүнө комментарий берди

12 Чын куран 2024 16:45 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин тил маселесине байланыштуу билдирүүсү боюнча 7-каналга маек берди.

Төмөдө маекти өзгөртүүсүз келтиребиз:

— Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Парламент спикери Н. Шакиевдин балдарга ат коюуда арабдашып баратканыбыз, анын кесепетинен кыргызча ысымдар унутта калганы жөнүндө билдирүүсү, ошондой эле башка тилдердин статусу жөнүндөгү айткандарын эл ар кандай кабыл алып жатат. Ошого байланыштуу сиздин пикиринизди билели дедик эле?

— Саламатсызбы, ооба, спикерибиздин парламенттин трибунасынан айткан сөзүнөн кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болуп, колдогондор, каршы болгондор болуп, бөлүнө түштү. Бүгүн эле президентибиз Садыр Нургожоевич да өз оюн билдирди, демек, маселе олуттуу экен.

Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби, башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени, ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт. Мисалы, мен жеке өзүм боюнча айтсам, бүгүнкү күндө бир нече жылдан бери өзүмдүн жанымдан эки мугалимге кошумча айлык акы төлөп, орус жана англис тилдерин айылдык балдарга үйрөтүп, сабак берип келебиз. Менин максатым — айылдык балдар дагы башка тилдерди билип, дүйнө жүзүн тааныса экен дейм. Өзүм мектепти бүткөндөн кийин Россияда университетти аяктадым, жаны барганда тилден өтө кыйналгам. Ошондуктан орус тили биздин келечек муундар үчүн ото маанилүү. Спикерди бул маселеде колдой албайм. А кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңип калган, өмүр өткөнчө унутпайбыз буюрса.

— Спикердин «арабдашып кеттик, балдарыбыздын аттарын кыргызча коелу»-деген пикирине эмне дейсиз?

— Биз мусулман калкпыз, ушуну дагы эстен чыгарбоо керек. Негизинен жарашыктуу кыргыз мусулман аттары эң сонун, мисалы — Камчыбек.

Маектешкен Илязбек Балташев

Теги:
Количество просмотров: 253